ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Кичи-Кемин айылдык кеңешинин № I-чакырылышынын кезектеги
XV-сессиясынын
№24 –ТОКТОМУ
20.01.2026-ж Кичи-Кемин а
Кичи-Кемин айыл өкмөтүнүн социалдлык-экономикалык онүктүруу планындагы долбоорлорду бекитүү жана ишке ашыруу жөнүндө
Кичи-Кемин айыл өкмөтүнүн башчысы А.Р. Мурсалиевдин маалыматтын угуп жана Кичи-Кемин айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү програмасына ылайык, Кичи-Кемин айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, калктын жашоо шартын жакшыртуу, инфраструктураны өнүктүрүү максатында, Кичи-Кемин айылдык кеңеши талкуулап, пикир алмашуудан кийин төмөнкүчө
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кичи-Кемин айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү планындагы долбоорлор ушул токтомго ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкү негизги долбоорлор бирдиктүү планга киргизилсин:
2.1. Советский айылынын ичүүчү таза суу системасын реабилитациялоо;
2.2. Алтымыш айылынын таза суу каналдарын жана суу түтүктөрүн оңдоо;
2.3. Ильич жана Жаңы-Жол айылдарына воркаут (ачык спорт) аянтчасын орнотуу;
2.4. Жолдорду жарыктандырууга 1000 (миң) даана шам чырак сатып алуу жана орнотуу;
2.5. Ак-Түз орто мектебин жана бала бакчасчын толук капиталдык (санитардык түйүндөрү,от казандары) ремонттон өткөрүү;
2.6. Кичи-Кемин орто мектеби, “Ак-Тилек” бала бакчасы жана Кичи-Кемин үй-бүлөөлүк даарыгерлер тобунун имараттын капиталдык (санитардык түйүндөрү,от казандары) ремонттон өткөрүү;
2.7. Кара-Булак орто мектебин толук капиталдык (санитардык түйүндөрү,от казандары) ремонттон өткөрүү;
2.8. Бейшеке орто мектебин толук капиталдык (санитардык түйүндөрү,от казандары) ремонттон өткөрүү;
2.9. Бейшеке 3(үч) сааттык бала бакчасына жабдууларды алып берүү;
2.10. Боролдой калктуу конушту сугат суу менен камсыз кылуу;
2.11.Кичи-Кемин айыл аймагынын сугат суу каналдарын 30 (отуз) чакырым аралыкта толдук капиталдык ремонттон өткөрүү;
2.12. Боролдой айылындагы кичи футбол аянтчасын капиталдык ремонттон өткөрүү;
2.13. Бишкек-Нарын –Торугат трассанын жээгине 1000 (миң) даана карагай көчөттөрүн отургузуу;
2.14. Ак-Түз айылына туризмди өнуктүрүү максатында канат жол куруу (канатная дорога) орнотуу;
2.15. Бейшеке жана Кара-Булак айылдарына мал чарбачылыгын өнүктүрүү жана эпизоотиялык коопсуздукту жогорулатуу максатында ветеринардык комплекс куруу;
2.15. Аймактын санитардык абалын жакшыртуу жана таштандыларды өз убагында чогултуу максатында, коомдук жайларына орнотуу үчүн таштанды таштоочу урналардан 50 (элүү) даана алынсын;
2.16. Кичи-Кемин айыл аймагында кант кызылчасын жана башка айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү (кайра иштетүүчү) ишкана курууга долбоордук-сметалык документ дайындалсын;
2.17. Айыл аймагынын көркүн жакшыртуу, аймактын аталышын жана символикасын чагылдыруу, ошондой эле коноктор үчүн таанымалдыкты арттыруу максатын Алтымыш айылынын бурулушуна жана “Кара-Таш” участогуна Стелла орнотулсун;
2.18. Кичи-Кемин айыл аймагына караштуу Кичи-Кемин,Ильич жана Советский айылдарында жайгашкан БСР толук тазалоо иштерин жүргүзүлсүн;
2.18.”Боролдой” муниципалдык ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана иштерди өз убагында аткарууну камсыз кылуу максатында монипулятор жана жүктөгүч (погрузчик) сатып алынсын;
2.19. Окуучулардын мектепке коопсуз жана үзгүлтүксүз жетишин камсыз кылуу, билим берүү шарттарын жакшыртуу максатында, Кичи-Кемин айыл өкмөтүнө 1 (бир) даана Спринтер авто унаасы сатып алынсын;
2.20. Кичи-Кемин айыл аймагына караштуу 10 чакырым аралыкта жайыт жолдорун ремонттон өткоруу;
2.21. Чүйское айылына 3 чакырым аралыгындагы авто унаа ждолдорун капиталдык ремонттон өткөрүү жана балдар аянтча курулсун;
2.22. Бейшеке айылынын “Ак-Сарай участокгуна балдар аячнча курулсун;
2.23. Кичи-Кемин айылдык маданият үйүн, калкка маданий кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана маданият үйүнүн имараты толук капиталдык (санитардык түйүн, от казан) ремонтон өтүлсүн.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлор боюнча долбоордук-сметалык документтерди (ПСД) даярдоо жана курулуш иштерин жүргүзүү үчүн Кемин райондук өнүктүрүү фондуна тапшыруу жагы Кичи-Кемин айыл өкмөтүнүн башчы А.Р.Мурсалиевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын Кичи-Кемин айыл өкмөтүнун башчысы А.Р.Мурсалиевге жүктөлсүн.
Төрага С.М.Зарипов

