Кичи-Кемин айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
11.02.2026-жыл № 6 Кичи-Кемин а
Жер участогун категориялар аралык которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
«Этернал Энергия» ЖЧКсынын башкы директору Ма Вэньцюньдун 2025-жылдын 24-октябрындагы Кемин райондук мамлекеттик администрациясына Кичи-Кемин айыл аймагынын аймагында жайгашкан жалпы аянты 70,85 га жер участогун «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоо үчүн жана башка багыттагы жерлер» категориясына күн батареяларын орнотуу максатында, которуу (трансформациялоо) маселесин кароо өтүнүчү менен жазылган кайрылуусунун негизинде, Кичи-Кемин айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп, талкуулап жана пикир алмашып, Кичи-Кемин айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Айылдык кеңештин ыйгарым укуктарынын алкагында, Кичи-Кемин айыл өкмөтүнүн карамагындагы жалпы аянты 70,85 га жер участогун «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоо үчүн жана башка багыттагы жерлер» категориясына күн батареяларын куруу (орнотуу) үчүн которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
- № 3129, 3125, 3126 контурлардан — жалпы 21 га;
- № 2018, 2017, 2020, 2021, 2038, 2035, 2036, 2037, 2034, 2027, 2028, 2030, 2023, 2024, 2026, 2025, 2029, 2031 контурлардан — жалпы 49,85 га.
- Жалпы аянты: 70,85 га.
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
- Тиешелүү уруксат берүүчү документтерди даярдоо жана макулдашуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Кемин филиалы жана Кемин архитектура жана шаар курулушу бөлүмү менен биргеликте жүргүзүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кичи-Кемин айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага С.М.Зарипов

