ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Кичи-Кемин айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
11.02.2026-жыл № 8 Кичи-Кемин а
Ильич айылдык үйүнө Бейшеке Жандаровдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Ильич айылынын тургундарынын демилгесин жана жергиликтүү коомчулуктун сунуштарын эске алып, ошондой эле Бейшеке Жандаровдун кыргыз маданиятына кошкон эбегейсиз салымын эске алуу менен ысымын түбөлүккө калтыруу максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык, айылдык кеңеш талкуулап, пикир алмашуудан кийин төмөнкүчө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кичи-Кемин айыл аймагына караштуу Ильич айылындагы маданият үйүнө Бейшеке Жандаровдун ысымы ыйгарылсын жана маданият үйү мындан ары «Бейшеке Жандаров атындагы Ильич айылдык маданият үйү» деп аталсын.
- Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын Кичи-Кемин айыл өкмөт башчысы А.Р.Мурсалиевга жүктөлсүн
Төрага С.М.Зарип
